Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:08

Польша Беларус менен чек арасына эки миң кошумча аскер жөнөтөт


Польша-Беларус чек арасы. 13-февраль, 2023-жыл.
Польша-Беларус чек арасы. 13-февраль, 2023-жыл.

Польша Беларус менен чек арасын бекемдөө үчүн кошумча эки миң аскер жөнөтөт. Бул тууралуу 9-августта ички иштер министринин орун басары Мацей Васик мамлекеттик PAP маалымат агенттигине билдирди. Буга чек араны мыйзамсыз кесип өтүүнү көздөгөн мигранттардын көптүгү түрткү болууда.

Аскерлер чек арага эки апта ичинде жиберилет. Ал жакта ушул тапта эки миңдей аскер бар.

Буга чейин расмий Варшава Беларус тараптан чагым болушу мүмкүн экенин жана ал жакта жайгашкан "Вагнер" менчик аскердик компаниясы коркунуч жаратып жатканын эскерткен.

Польша бийлиги ошондой эле Орусия менен Беларус Евробиримдикке жаңы миграциялык агымды коё берүүгө даярданып жатканын билдирген.

Польшанын чек ара кызматынын маалыматына караганда, быйыл Беларустун аймагынан 19 миң мигрант мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган. Былтыр бул көрсөткүч 16 миңди түзгөн. Өткөн айда эле чек араны төрт миң мигрант кесип өтүүгө далалат кылган.

XS
SM
MD
LG