Жарым жылда жол кырсыгынан 269 адам көз жумду

Иллюстрациялык сүрөт.

Жыл башынан берки алты айда Кыргызстанда үч миңден ашуун автокырсык катталып, 820 учурда балдар жабыркаган.

Жол кырсыгынан жалпы 269 адам каза болсо, анын ичинде 38и балдар. Жол кырсыктарынан адам өлүмүнүн көрсөткүчү быйыл мурдагы жылга караганда 8,5% көбөйгөн.

Түрдүү жараат алган 4416 адамдын 981и балдар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыктары эң көп Бишкекте катталган. Борбор калаада болгон автокырсыктар жалпы көрсөткүчтүн 45% түзөт. Чүй облусу 19%, Ош облусу 10%.

Статистика комитети быйыл мас айдоочулардын күнөөсү менен автокырсыктардын саны 17% азайганын, жарым жылда 153 жол кырсыгы рулда ичимдик ичкен айдоочулар отурган себебинен болгонун маалымдоодо.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматында, январь-июнь айларында жол кырсыгына себепкер 539 айдоочу ошол жерден качып кеткен. Алардын ичинен 12 учуру адам өлүмү менен коштолсо, 580 адам ар кандай жараат алган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын эсебинде, былтыр 7 040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам каза тапкан.(ZKo)

Дагы караңыз

Казак министри Кыргызстандагы майнинг-ферма тууралуу комментарий берди"Эркин болбой калабы?". УТРК "Ынтымакты" кошуп алдыТоктогул суу сактагычында 11,5 млрд куб метр суу барТүркмөнстанда жүздөгөн адам азык-түлүк тартыштыгына нааразылык билдирип чыгыштыУкраин армиясы өлкөнүн түштүк-чыгышында контрчабуулун улантуудаУКМК Ош облусундагы 60тан ашуун мечит, медресенин ишин токтотту