Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:29

"Эркин болбой калабы?". УТРК "Ынтымакты" кошуп алды


 "Ынтымак" телерадио компаниясынын студиясы.
"Ынтымак" телерадио компаниясынын студиясы.

Оштогу "Ынтымак" телерадио компаниясы УТРКнын курамына кошулду. Канал 2010-жылдагы Июнь окуясынан кийин улут аралык ынтымакты бекемдөө максатында негизделген.

2020-жылдан бери кыргыз жана өзбек тилдерине программаларды даярдап келген Оштогу "Ынтымак" телерадио корпорациясы УТРКнын курамына кошулганы өткөн аптада белгилүү болду.

Мындай токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-июлда кол койгон. Маалыматты Маданият министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева "Азаттыкка" ырастады.

Анын айтымында, "Ынтымакты" УТРКнын курамына кошуу демилгесин өлкөнүн негизги каналы көтөргөн.

"Бизге Министрлер кабинетинен, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдон тапшырма келген. Ошонун негизинде өттү. Биринчи УТРК жогору жакка кат жазыптыр. Каттын негизинде бизге тапшырма келип жатпайбы. Биз токтом долбоорун иштеп чыкканбыз, бардык министрликтер менен макулдашылган”, - деди Сарногоева.

Телеканал буга чейин Маданият министрлигинин курамында болгон. Ал өлкө түштүгүндөгү 2010-жылдагы Июнь коогасын баштан кечирген элдин өз ара ишенимин кайра бекемдөө, ынтымакка чакыруу, бириктирүү максатында ачылган.

Мындай демилгени ошол кездеги өлкө жетекчилиги жана эл аралык уюмдар колдоп, башында эки тараптан тең каржыланып келген. Бирок соңку маалда эл аралык долбоорлор токтоп, канал мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражатка гана ишин улантып жаткан.

Өзгөчө миссиясын артынып, эки тилде иш алып барган канал УТРКнын курамына кошулса чыныгы максатынан алыстап кетпейби деп чочулагандар бар.

Телеканалдын мурдагы кызматкери, Байкоочу кеңештин мүчөсү Бегайым Садыкова көп улуттуу өлкөдө “Ынтымак” сыяктуу маалымат каражаттары сөзсүз керек деген пикирде:

"Бул телеканал ынтымакты, достукту бекемдөөдө чоң роль ойнойт. УТРКга кошулганы, менимче, туура эмес. Ушул убакка чейинки максаттары четте калып кетеби деп чочулайм. УТРКга кошулса, көз каранды болуп калат деп ойлойм".

Ал арада “Ынтымак” мамлекеттик каналга кошулса, бийликти мактап, коомдогу терс көрүнүштөрдү чагылдырбай калышы мүмкүн деген кооптонуулар да айтылууда.

Журналист Асел Сооронбаева буга коомчулуктун утулушу деп баа берди:

“Ынтымак” телеканалынын УТРКга өтүшүн мен коомчулуктун утулушу деп эсептейм. Кандай болгон күндө да, эркиндик, элдин көйгөйүн ачык алып чыгууга шарт бар эле. Башында түптөлүп жатканда мамлекеттик эмес уюмдар, бейөкмөт уюмдар тарабынан эки элдин достугун бекемдөөнү максат кылып ачылган. Андан кийин мамлекетке өткөрүлүп берилди. Азыр эми УТРКга өтүп жатат. Президенттик администрацияга түз баш ийген УТРКда өз алдынча иштөө деген жок. Кайсыл бийлик келбесин аны мактап-жактап келишет. “Ынтымакты" кошуп алганын пропаганданы жайылтуу, түштүктөгү маалымат талаасын ооздуктоо деп түшүнөм”.


Азыркы тапта “Ынтымакты” УТРКнын курамына кошуу боюнча иштер жаңыдан башталып жатат. Бирок бул процесс кандай жүрөт, аймактык телеканалдын редакциялык саясаты кандай болот деген суроолор жаралууда.

Телеканалдын азыркы директору Эрмек Муратбек уулу ТРКнын башкы директору менен жолугушуу болгонун айтты:

“Жамаат менен жыйын өткөрүлдү. Мурда кандай иштесек, азыр да ошондой иштей беребиз. Миссиябыз ошол эле бойдон. Мындан ары да эки элдин ортосундагы достукту бекемдөөгө салым кошо беребиз. Болгону УТРК Ош деп аты эле өзгөрөт. Бул убакка чейин кызматкерлердин айлыгы төмөн болчу, эми бул маселе да жакшырат”, - деди Эрмек Муратбек уулу

4-августта Улуттук телерадиокорпорациянын башкы жетекчиси Болот Тиллебаев Ош шаарындагы курамына жаңы кошулган жамаат менен жолугушуу өткөргөн. Андан кийин Фейсбук баракчасына облустардагы алты телеканал кошулганын жазган. Ал өлкөнүн экинчи борбору саналган Ошто УТРКнын филиалы жоктугун катачылык катары сыпаттаган.

“Мени ойлондурган Ош телекомпаниясы эле. Ал жерде кабарчы, оператор, кароолчу, техникалык кызматкер деген үч-төрт адам калып, коррпункт деп аталып калган. Республиканын калкы жыш жайгашкан облусунда, экинчи ордо калаасы Ошто УТРКнын телерадиокомпаниясы жоктугу чоң каталардын бири эмеспи! Маселени “Ынтымак” ТРКсын курамыбызга кошуп алуу менен чечтик. Бул иш да оңой-олтоң жүзөгө ашкан жок. Тоскоолдуктар жөнүндө кеп кылуунун деле кажети жок”, - деген Болот Тиллебаев.

Болот Тиллебаевдин айтымында, өлкөдөгү негизги каналдын учурда Ошто филиалы жок. Буга байланыштуу мамлекеттик бюджеттен каржыланган "Ынтымакты" башкы каналдын курамына кошуу чечими кабыл алынган.

Тиллебаев УТРКга кошулуу менен "Ынтымактын" чыгармачыл жана материалдык-техникалык базасы чыңдалып, жаңы дем-күч алат деп ишендирүүдө. Ал эми каналдын контентинде мамлекеттик саясатты, улут аралык ынтымакты чыңдоого багытталган көрсөтүүлөр улантыла берет.

“Ынтымак” телеканалы 2012-жылы алгач радио болуп, жыл аягында телеканал катары иштей баштаган. Ошол учурда телеканалда кыргыз, өзбек жана орус тилиндеги берүүлөр менен обого чыккан. Андан бери үзгүлтүксүз иштеп, соңку учурда кыргыз жана өзбек тилдерине программаларды чыгарып келет. Каналда 46 адам иштейт.

XS
SM
MD
LG