Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Токтогул суу сактагычында 11,5 млрд куб метр суу бар


Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8-августта 11 млрд 54 млн куб метрди түздү.

"Электр станциялары" ишканасы маалымдагандай, бүгүнкү күндө суу сактагычка секундасына 552 куб метр суу агып кирсе, 375 куб метр суу агып чыгууда.

Былтыр 8-августта суу сактагычта 13 млрд 3 млн куб метр суу болгон.

Эң ири Токтогул суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн экени болжолдонууда.

Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 15,9 млрд кВт/саат керектелген. Дефицит импорт аркылуу жабылган. 2023-жылы керектөө 17 млрд кВт/саат болот деп эсептелип жатат.

Президент Садыр Жапаров 24-июнда Кыргызстанда энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG