Куляб: жүк ташуучу машина үйлөрдү, унааларды сүзүп, 14 адам мерт болду

Кырсык "Сомони" базарынын тушунда болгон.

Тажикстандын Куляб шаарында жүк ташыган машина жол четиндеги эки үйдү, бир канча жеңил унааны сүзүп кетти. Анда 14 адам мерт болду.

Кырсык 6-августта кечки саат 19.30дар чамасында, Дүйшөмбү-Куляб-Хорог жолундагы "Сомони" базарынын тушунда болгон.

Шаардын саламаттык сактоо бөлүмү мерт болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин, жарадарларды, набыт болгондорду машиналардан алып чыгуу уланып жатканын билдирди.

Ички иштер министрлиги "Дулан" үлгүсүндөгү машинанын тормозу кармай калып кырсыкка кабылганын кабарлады. Адатта базардын тушунуна жүк ташуучу машиналар саатына 20 чакырым ылдамдыкта жүрөт.

Бул окуяга байланыштуу Башкы прокуратура териштирүү баштады.

Дагы караңыз

Акжол Махмудов Сербиядагы эл аралык турнирде алтын медаль алды Садыр Жапаров "Жыргалаң" көмүр кени жөнүндөгү сөздөргө жооп бердиНигер: козголоңчулар кийлигишүүдөн чочулап аба мейкиндигин жапты Крымды материк менен туташтырып турган эки көпүрө аткыландыЖидда: Украинага тынчтык орнотуу жаатында кеңешүү уланат