Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:07

Нигер: козголоңчулар кийлигишүүдөн чочулап аба мейкиндигин жапты


Нигерде козголоңчулар демократиялык жол менен шайланган президент Мохамед Базум кызматтан четтетилгенин билдиришкен.
Нигерде козголоңчулар демократиялык жол менен шайланган президент Мохамед Базум кызматтан четтетилгенин билдиришкен.

Нигерде козголоңдун лидерлери коңшу мамлекеттердин аскердик кийлигишүүсүнөн чочулап аба мейкиндигин жапты. Алардын кайрылуусунда учууларга дүйшөмбү күндөн тартып тыюу салынганы жазылган.

Мунун алдында Батыш Африка мамлекеттери зарыл болгон учурда Нигерге куралдуу кийлигишүүнүн планын даярдаганын белгилүү болгон. Анда ушул дүйшөмбүгө чейин, бийликти басып алган козголоңчулар конституциялык тартипти калыбына келтирбесе жана өлкөнүн демократиялык жол менен шайланган президенти Мохамед Базумду бошотпосо ал план колдонулушу ыктымалдыгы белгиленген. Бул тууралуу Reuters агенттиги Батыш Африка өлкөлөрүнүн экономикалык биримдигинин (ECOWAS) өкүлүнө таянып жазган.

Уюмдун саясат, тынчтык жана коопсуздук маселелери боюнча комиссары Абдель-Фатау Мусах кийлигишүүнүн чоо-жайы тууралуу ачык айтылбай турганын белгилеген.

Анын алдында Мохамед Базум АКШ өкмөтүнө жана "эл аралык коомчулукка" кайрылып, өлкөдө конституциялык тартипти орнотууга көмөктөшүүгө чакырган.

Washington Post басылмасында 3-августта жарыяланган Базумдун атайын билдирүүсүндө аны бийликтен кулатуу ишке ашса, мунун кедергиси бир гана Нигер эмес, жалпы аймакка жана дүйнөгө тиерин эскерткен.

Мохамед Базум эки жыл мурда өлкө тарыхында алгачкы жолу болгон бийликти тынч өткөрүү жараянынын жыйынтыгында шайланып, мамлекет башына келген. Ал эгер козголоңчулар бийликте калса, чөлкөм толугу менен Орусиянын, тактап айтканда "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын таасиринде каларын белгилеген.

Базум Нигердеги кырдаалды "Боко Харам" сыяктуу террордук топтор өз пайдасына колдонушу мүмкүн деп кооптонорун айткан.

27-июлда африкалык өлкөдөгү козголоңчулар мамлекет башчы кызматынан четтетилгенин, коменданттык саат киргизилгенин, чек аралар жабылганын жарыялаган.

Нигердеги мамлекеттик төңкөрүштүн башында турган генерал Омар Тчиани 28-июлда өзүн өткөөл мезгилдин президенти катары жарыялаган.

XS
SM
MD
LG