Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:26

Жидда: Украинага тынчтык орнотуу жаатында кеңешүү уланат


Жолугушууга Укриана жана анын Батыштагы өнөктөштөрү эле эмес, Кытай, Индия, Египет жана Бразилия өңдүү 40тай мамлекеттин өкүлдөрү да катышты.
Жолугушууга Укриана жана анын Батыштагы өнөктөштөрү эле эмес, Кытай, Индия, Египет жана Бразилия өңдүү 40тай мамлекеттин өкүлдөрү да катышты.

Сауд Арабиясында Украинада тынчтык орнотуу маселелерине арналган 5-6-августтагы жолугушууда катышуучулар мындан ары дагы ушундай форматта кеңешүүнү улантууну макулдашты.

Reuters агенттиги Орусия чакырылбаган бул сүйлөшүүдө келгендер "тынчтыкка жол чапкан жалпы позицияны" иштеп чыгуу тууралуу келишкенин билдирди. Иш-чаранын соңунда кабыл алынган коммюникеде мындан ары биргелешкен кандай иш-чаралар болору так көрсөтүлбөгөн.

Бул жолугушууга Укриана жана анын Батыштагы өнөктөштөрү эле эмес, Кытай, Индия, Египет жана Бразилия өңдүү 40тай мамлекеттин өкүлдөрү да катышты.

Киев Бээжиндин бул жолугушууга өкүл жөнөткөнүн “чон жетишкендик” катары сыпаттаган.

Эки күндүк сүйлөшүүдө негизинен украин президенти Владимир Зеленскийдин өз өлкөсүнүн аймактык бүтүндүгү тууралуу БУУнун уставын сактоо, өзөктүк, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздукка байланыштуу 10 жободон турган “тынчтык формуласы” талкууланды.

Москва Жиддадагы сүйлөшүүлөргө тыкыр көз саларын билдирген.

XS
SM
MD
LG