Москва: Новороссийскидеги базага чабуул жасалды

Новороссийск портундагы Деңиз-аскер күчтөр күнүнө арналган иш-чарага катышып жаткан аскердик кемелер. 30-июль, 2023-жыл. Архивдеги сүрөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги 4-августка караган түнү эки дрон Новороссийскидеги аскердик-деңиз базасына чабуул койгонун билдирди.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, экипажы жок катерлер жок кылынган.

Краснодар аймагынын губернатору Вениамин Кондратьев чабуулда жабыркагандар болбогонун билдирди.

Буга чейин Новороссийскидеги жардыруулар тууралуу Телеграм-каналдар жазышкан.

Коргоо министрлиги Новороссийскиден тышкары учкучсуз аппараттардын чабуулуна аннексияланган Крымдагы обьектилер да кабылганын билдирди. Дрондордун баары зыян келтире электе абадан жок кылынганы кабарланды.

Новороссийск жана Крымдагы чабуулдарды Коргоо министрлиги Украинадан көрдү. Украин тарап азырынча бул маалыматка комментарий бере элек. Адатта расмий Киев Орусиянын ичинде болгон окуяларга реакция жасабайт.

Дагы караңыз

Орусия чет элдиктерди армияда келишим менен кызмат өтөөгө тарта баштадыРим папасы жаштарды климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүгө чакырды"Ош Сити" деп аталган акылдуу шаарча куруу сунушталды