Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:59

Рим папасы жаштарды климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүгө чакырды


Рим Папасы Франциск Лиссабондогу Католик университетинин студенттеринин алдында сүйлөп жатат. 3-август, 2023-жыл. Португалия.
Рим Папасы Франциск Лиссабондогу Католик университетинин студенттеринин алдында сүйлөп жатат. 3-август, 2023-жыл. Португалия.

Рим Папасы Франциск 3-августта жаштарды планетага кам көрүп, климаттын өзгөрүүсүнө жана жакырчылыкка каршы күрөшкө көңүл бурууга чакырды.

"Биздин жалпы үйүбүзгө токтоосуз кам көрүшүбүз керек экенин моюнга алуубуз зарыл. Бирок көз карашты чындап өзгөртмөйүнчө муну ишке ашыруу мүмкүн эмес", - деди 86 жаштагы понтифик Лиссабондогу Католик университетинин студенттеринин алдында сүйлөп жатып. Жыйынга 6500 адам, анын ичинде Португалиянын президенти Марселу Ребелу де Соуза дагы катышты.

Алгачкы латынамерикалык папа Лиссабонго 2-августта католиктердин Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган иш-чарага катышуу үчүн барган.

Бул күн 1986-жылы Иоанн Павел II негиздеген бул католиктердин эң ири жыйыны деп эсептелет. Анын алкагында бир катар иш-чаралар өтөт.

2022-жылдын августта өтө турган майрам пандемиядан улам жылып калган. Католиктердин Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү ушуну менен төртүнчү жолу уюштурулуп жатат. Буга чейин 2013-жылы Рио-де-Жанейродо, 2016-жылы Краковдо, 2019-жылы Панамада өткөн.

XS
SM
MD
LG