Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:45

"Ош Сити" деп аталган акылдуу шаарча куруу сунушталды


Ош шаардык мэриясы сунуштап жаткан "Ош Сити" акылдуу шаарчасынын сүрөтү.
Ош шаардык мэриясы сунуштап жаткан "Ош Сити" акылдуу шаарчасынын сүрөтү.

Ош шаарында 500дөн ашык көп кабаттуу турак жайдан турган "Ош Сити" акылдуу шаарча куруу сунушталды. Шаардык мэрия кабарлагандай, бул тууралуу 3-августта шаардык административдик-аймактык реформа жүргүзүү долбоору талкуулоо учурунда айтылды.

Жыйында шаардын 2025-жылга чейинки Башкы планы көрсөтүлүп, анда шаардын аймагын кеңейтүү, жаңыдан кошулган жерлерге кичи райондорду, өнөр жай-соода борборлорун куруу менен шаардын калкын 1 миллион адамдан ашыруу максаты айтылган.

Сунушталган инвестициялык долбоорлордун ичинде ири шаарлардагыдай “Ош Сити” деп аталган акылдуу шаарчасын куруу демилгеси да бар. Анда 500дөн ашык көп кабаттуу турак жай салуу каралган. Мында жалпысынан 250 миңдей адам жашай турганы, долбоорго кеминде 2 млрд доллардай каражат жумшалары кабарланат. Инвесторлор бар-жок экени тууралуу маалымат берилген эмес.

Мындан сырткары калаанын түндүк-батыш жагында өнөр жай-соода зонасын куруу, жаңы кичи райондорду салуу, чыгыш стилиндеги муниципалдык базар куруу жана башка сунуштар да бар.

Ушул тапта Ош шаарында 600дөн ашык көп кабаттуу турак жай бар. Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылгандай, 2023-жылы экинчи борбор калаада жашагандардын саны 360 миңден ашкан. Бейрасмий маалыматтарда шаарда жашагандардын саны 500 миңден көп экени айтылып жүрөт.

Мурдараак Москвадагы “Москва Сити”, Ташкенттеги “Ташкент Сити” бизнес борборлоруна окшоштуруп Бишкек шаарында да “Бишкек Сити” деп аталган жайды куруу сунушталып, быйыл 10-мартта курулушу башталган. Беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор жана соода аянттарын камтыган көп тармактуу комплекс түрттүрүлгөн “Нарын” ресторанынын ордуна түшүп жатат. Ага президент Садыр Жапаров капсула салган. Комплексте 296 номери бар беш жылдыздуу мейманкана болот. Ошондой эле 444 батирлүү турак жай, соода аянттары жана 1,2 миңден ашык автоунаа үчүн жер астындагы машине токтотуучу жай салынат. Долбоордун баасы 321 млн АКШ долларын түзөт.

Президент Садыр Жапаров мындан сырткары 30-июнда Ысык-Көл облусунун аймагында “Асман сити” деген шаар курулушуна старт берген. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Аны курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча “Асман” шаары 500 миң кишиге ылайыкталат. (ErN)

XS
SM
MD
LG