Орусиядагы калайман мушташта эки тажик мигранты каза тапты

Москва облусундагы калайман мушташта каза тапкан тажикстандыктардын сөөгү. Сүрөт качан жана кайда тартылганы белгисиз.

Орусиянын баш калаасы Москванын жанындагы Чехов шаарында 1-августка караган түнү болгон калайман мушташта Тажикстандын эки жараны мерт кетти. Бул тууралуу 3-августта "Озоди" радиосу жазды. Тажикстандын Орусиядагы элчилиги билдиргендей, мушташка жалпысынан он тажикстандык катышкан. Алардын экөөнө издөө жарыяланды, калгандары кармалды.

Мушташка эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Маркумдардын сөөгү мекенине 3-августа жеткирилери кабарланды.

Тергөө комитетинин Москва облустук башкармалыгы кылмыш ишин козгоду. Орусиядагы тажикстандык мигранттардын ортосунда жаңжалдар көп катталат. 12-июнда Екатеринбургда болгон тажик мигранттардын ортосундагы урушта дагы эки кишинин өмүрү кыйылган.

Дагы караңыз

Жыргалаңдагы көмүр кени ишке киргизилдиБоррел: Евробиримдик Лачын коридорунун ачылышын колдойт Астана Ооганстан менен байланыштарды сактап калууга кызыкдар экенин билдирди