Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:10

Боррел: Евробиримдик Лачын коридорунун ачылышын колдойт


Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел.
Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел.

Евробиримдик жикчил Тоолуу Карабакты Армения менен байланыштарган жалгыз өтмөк - Лачын коридорунун ачылышын колдойт. Бул тууралуу шаркеттин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен телефондон сүйлөшкөндө айтты.

"Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен маанилүү телефондук сүйлөшүүдө карабак армяндары кабылган гуманитардык кырдаалды талкууладык. Гуманитардык жардамды жеткирүүнү камсыздоо үчүн Евробиримдик Лачын коридорунун токтоосуз ачылышын колдорун дагы бир жолу ырасталды", - деп жазды Боррел Твиттерге.

Тоолуу Карабакка багыт алган 19 жүк ташуучу машинеден турган автокербен 26-июлдан бери Лачын коридорундагы өткөрмө бекетте турат. Аларды азери аскерлери жикчил аймакка өткөрүүдөн баш тартууда. Еревандын айтымында, машинелерге гуманитардык жардам жүктөлгөн.

Азербайжандын тышкы иштер министрлиги автокербенди "чагым жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү аракети" деп айыптады. Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жардамчысы Ереван алардын өлкөсүнө болгон "аймактык дооматтан баш тартуусу зарыл" экенин билдирген.

Лачын коридору - Армения менен Тоолуу Карабакты байланыштырган алты чакырымдык өткөөл. 1992-жылдан 2020-жылга чейин Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги көзөмөлдөп келген. 2020-жылдын ноябрь айында бул жерге Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрү жайгашкан.

Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Ал жакта 100 миңдей жергиликтүү армяндар отурукташкан.

XS
SM
MD
LG