Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:59

Астана Ооганстан менен байланыштарды сактап калууга кызыкдар экенин билдирди


Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары, соода жана интеграция министри Серик Жумангарин казак-ооган бизнес форумунда сүйлөп жатат. Астана. 3-август, 2023-жыл.
Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары, соода жана интеграция министри Серик Жумангарин казак-ооган бизнес форумунда сүйлөп жатат. Астана. 3-август, 2023-жыл.

Астана Казакстан менен Ооганстандын ортосундагы соода-экономикалык, транспорт-логистикалык жана энергетикалык байланыштарды сактап калууга кызыкдар. Бул тууралуу 3-августта Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары, соода жана интеграция министри Серик Жумангарин казак-ооган бизнес форумунда билдирди.

Үч күндүк форумга катышуу үчүн казак баш калаасына Ооганстандан эки жүздөй делегат келди. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, делегаттардын баары Ооганстандагы бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү.

"Казакстан көз карандысыз, бейтарап, бирдиктүү, тынч, демократиялуу Ооганстанды жактай тургандыгын дагы бир жолу ырастайм, Биз Ооганстан менен буга чейин түзүлгөн соода-экономикалык, транспорт-логистикалык жана энергетикалык байланыштарды сактап калууга кызыкдарбыз", - деди форумду ачкан Серик Жумангарин.

Астанада казак-ооган бизнес форумунун өткөрүлүшү Акордонун талибдерге болгон мамилеси боюнча суроолорду жаратты. Бир катар мамлекеттерде, анын ичинде Казакстанда "Талибан" террордук уюм катары таанылган. Апта башында Казакстандын тышкы иштер министрлиги ооган делегациясынын арасында санкцияга кабылган адамдар жок экенин билдирди.

"Талибан" кыймылы 2021-жылдын август айында Ооганстандын бийлигин басып алган. Эл аралык коомчулук талибдер жетектеген өкмөттү тааный элек. Буга адам укуктары жаатындагы көйгөйлөр, анын ичинде кыз-келиндердин укуктарынын чектелиши да негизги себептердин бири болууда.

XS
SM
MD
LG