Бишкекке жаңы автобустардын алгачкы партиясы 15-августта келет

Президент Садыр Жапаров Кытайдагы мамлекеттик сапарынын алкагында Zhongtong bus Holding Co., LTD заводуна барган. 20-май, 2023-жыл.

Бишкек шаарына жаңы автобустардын алгачкы партиясы августтун ортосунда келет. Учурда 50 автобус Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Торугарт" бекетине келип калганын мэриянын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады.

Быйыл Кыргызстан Кытайдан газ менен жүрө турган 500 автобус сатып алары буга чейин айтылган. Кийинки партиясы 2024-жылы алынарын президенттин басма сөз кызматы билдирген.

Май айында президент Садыр Жапаров Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарында Zhongtong bus Holding Co., LTD автобус чыгаруучу заводуна барып, анын иши менен таанышкан.

Бишкек мэриясы жаңы автобустар кайсы компаниядан алынып жатканын тактаган жок.

Кыргызстанда коомдук транспорт маселеси өлкө эгемендик алгандан бери эле толук чечилбей келет. Жүргүнчүлөрдү тейлөө сапаты жана транспорт таңкыстыгы тууралуу коомчулукта нааразылык көп.

Бишкек мэриясынын автобус сатып алууларынан улам буга чейин бир нече кылмыш иши козголуп, мурдагы жетекчилер жоопко тартылган. (КЕ)

Дагы караңыз

Өзбекстанда "көп аялдуулук" беренеси менен беш жылда 38 киши соттолгонДепутат порнографиялык материал тараткандарды жазалоону сунуштоодоБаткен: жер талаштан улам кайнисин атууга шек саналган адам кармалдыЖыргалаңдагы көмүр кени ишке киргизилди"Эл үмүтү" стипендиясына 13 студент тандалды