Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:48

Баткен: жер талаштан улам кайнисин атууга шек саналган адам кармалды


Киши өлүмүнө шектелип кармалган киши жана анын кылмышта ыктымал колдонгон куралы. Баткен милициясы тараткан сүрөт.
Киши өлүмүнө шектелип кармалган киши жана анын кылмышта ыктымал колдонгон куралы. Баткен милициясы тараткан сүрөт.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Чаувай айылынын тургуну жер талаштан улам кайнисин атып өлтүрдү деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, окуя 2-августта болгон. 60 жаштагы шектүү мас абалында жанында алып жүргөн мылтыгы менен 49 жаштагы кайниси менен анын жанындагы 22 жашар баласын атып, анан качып кеткен. Шектүүнүн кайниси алган жараатынан улам ошол жерде каза болгон, анын уулу Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген. Кылмышка шектүү көп узабай жашаган үйүнөн кармалып, камакка алынды.

Маркумга соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалып, бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.

Баштапкы маалыматтарга караганда, жаңжалга жер талаш себеп болгон жана алар көптөн бери урушуп келген.

Быйыл май айында да Кызыл-Кыяда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кылмыштын изи сууй электе кармалган. Анда милицияга аталган шаардагы Таштемир-Ажы базарында белгисиз жарандын сөөгү жатканы тууралуу кабар түшкөн. Текшерүү учурунда маркумдун денесинде жарааты бар экени аныкталып, кылмышка шек саналып мурда дагы соттолгон Кадамжайдын тургуну кармалган. (ErN)

XS
SM
MD
LG