Төө-Ашуудагы тоннелге киргизилген чектөөлөр алынды

Төө-Ашуудагы тоннель, 2-август, 2023

Төө-Ашуудагы тоннелге киргизилген чектөөлөр алынып, жол ачылды.

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашуудагы узундугу үч чакырымдык тоннелди оңдоп-түздөө иши эки ай мурда башталган. Буга байланыштуу 26-июлдан тарта унаа каттамына убактылуу чектөө киргизилген.

Аталган мекеме жакын арада тоннелдин кирип-чыккан жерлерин көрктөндүрүү иштери башталарын билдирди. Бул учурда автоунаалар үчүн эч кандай чектөөлөр болбойт.

Деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан тоннелдин курулушу 1957-жылы башталып, 1964-жылы аяктаган. Акыркы жолу 2000-жылы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Бул жолу тоннелдин жолуна асфальт төшөлдү, электр чубалгылары толук алмаштырылып, прожекторлору орнотулду. (КЕ)

Дагы караңыз

Министр "Азаттыктын" каарманы Викторияны кабыл алдыБШК Абировдун талапкерлигин каттоодон баш тарттыАба ырайы: тоолордо өткүн өтөтЭрдоган Путинди чыңалууну күчөткөн аракеттерден оолак болууга чакырды