Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

Аба ырайы: тоолордо өткүн өтөт


3-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 21…26, күндүз 34…39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 27…32 градус ысыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24°, күндүз 36…38 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 26…28 градус ысык болот.

XS
SM
MD
LG