Пакистандагы жардыруунун курмандыктары 50дөн ашты

30-июлдагы жардырууда каза болгондорду жерге берүү учуру. Пакистан.

Пакистандын бийлиги жекшембидеги жардырууда каза болгондордун саны кеминде 54 болгонун маалымдады. Бул тууралуу “Азаттыктын” пакистан кызматы кабарлады.

Теракт 30-июлда Баджаур провинциясынын Хар деп аталган шаарчасында болгон. Бийликти колдогон "Ислам улем жамааты" диний партиясынын жыйыны өтүп жаткан маалда жанкечти өзүн жардырып жиберген. Дал ошол маалда партиянын лидерлери сүйлөп жаткан. Алар жабыркаган эмес.

Соңку жардыруу үчүн “Ислам мамлекети” террордук тобунун жергиликтүү бутагы жоопкерчилик алды. Алар пакистандык талибдер менен душмандашып келишет.

Бул аймакты ашынган динчил "Техрик-е-Талибан" кыймылы байырлап келген. Акыркы жылдары өкмөттүк күчтөр бул регионго көзөмөлдү күчөткөн.

Кол салуу жыл соңунда өтө турган шайлоону утурлай коопсуздук боюнча тынчсызданууну күчөттү.

Пакистанда саясий митингдер маалында "террактар" буга чейин деле болуп келген, бирок соңку окуяда адамдар көп набыт болуп, жараат алды. (ErN)

Дагы караңыз

Кыргызстанда жер көчкүнүн алдын алуунун жаңы ыкмасы колдонулатАвтоунааны кайра каттоодо ОСАГОну кошуу сунушталдыЖапаров Кыргызстан "Камбар-Ата 1" ГЭСин өзү курууга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты Ибраев: Майнинг компания бизден баш тарттыIRI: Жумушсуздук жана баалардын жогорулашы негизги көйгөй деп аталды