Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:39

Жапаров Кыргызстан "Камбар-Ата 1" ГЭСин өзү курууга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын бюджети энергетикадагы ири долбоор болгон “Камбар-Ата 1” ГЭСин өз алдынча курууга мүмкүнчүлүк бергидей деңгээлге жетти. Бул тууралуу бүгүн 20-июлда өкмөттүн биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын талдаган жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди:

“Биз салыктын санын көбөйткөн жокпуз, анын коюмдарын да көтөргөн жокпуз. Азыр бюджетибиз 6,4 миллиард долларга жетти. Ушул темп менен кетсек, наркы 7 миллиард доллардын тегерегиндеги “Камбар-Ата” ГЭСин сөзсүз кошуналардын салымысыз эле өзүбүз кура алгыдай болуп калдык. Бул бизге күлгөндөргө жооп деп эсептейм. Бирок кошуналар кошулса, эки эсе ылдамыраак куруп бүтөбүз деп ойлойм”.

Аталган гидрэлектростанцияны Кыргызстан 2012-жылы Орусия менен курмай болгон. Бирок бул долбоор ишке ашкан эмес.

Кийин аны Казакстан жана Өзбекстан менен биргелешип куруу чечими кабыл алынган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөрү, ГЭСти башкара турган бул компаниянын үлүшүнүн 34% Кыргызстанга таандык болору, ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөрү маалымдалган эле.

Быйыл май айында Кытайда өткөн форумда президент Садыр Жапаров кытай ишкерлерин Кыргызстанда ГЭС куруу боюнча ири долбоорлорго катышууга чакырып, бийлик “Камбар-Ата 1” ГЭСине сунуштарды кароого даяр экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG