Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:10

Кыргызстанда жер көчкүнүн алдын алуунун жаңы ыкмасы колдонулат


Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылындагы жер көчкү. 2017-жыл. Архивдик сүрөт.
Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылындагы жер көчкү. 2017-жыл. Архивдик сүрөт.

Бүгүн, 1-августта Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Зергер айылынын Аюу-Сай тилкесинде табийгый кырсыктын алдын алуу максатында жер көчкүнү атайылап тектирлеп түшүрүү иши башталды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады. Аталган иш-чаранын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Азия Өнүктүрүү Банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Жең Ву жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жапаров дүйнөдө климаттын өзгөрүшү Кыргызстанга дагы таасирин тийгизип, бийик тоолуу аймактагы мөңгүлөр эрип, тоолор өзүнүн туруктуулугун жоготуп, көчүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, өлкө эгемендке жеткенден бери 591 жер көчкү жүргөн. Анын 18и калк жайгашкан конуштарга түшүп, 236 жарандын өмүрүн алып, 277 турак үйдү, жети социалдык имаратты жараксыз абалга келтирген.

"Жер көчкүнү мындай тектирлеп түшүрүү эң башкысы – элибиздин коопсуз жашоосу жана мамлекетибиздин экономикасы үчүн маанилүү”, - деди өкмөт башчы.

Жер көчкүнүн алдын алууга багытталган долбоордун бюджети 39 млн долларды түзөт. Анын 60% гранттык негизде, 30% насыя катары Азия өнүктүрүү банкы каржылоодо. Калган 10 пайызы өлкөнүн бюджетинен бөлүнөт. Долбоорго жалпы 46 жер көчкү участкасы камтылган. Бул аймактарда 4700 адам жашайт жана миңге жакын турак жай бар.

Тектирленген участоктор көп жылдык өсүмдүк чөптөрдү отургузуу менен рекультивацияланат.

Министрликтин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти илимий-изилдөө мекемелери менен биргеликте өлкө аймагында 4,5 миңден ашуун жер көчкүнү аныкташкан. Алардын 1800дөн ашууну калктуу конуштарга жана объектилерге коркунучун жаратып келет.

Жер көчкүлөрдүн 93 пайызы Ош жана Жалал-Абад облустарында аныкталган.

Кыргызстанда адам өлүмү менен коштолгон жер көчкүлөр бир нече жолу катталган. 2003-жылы Өзгөндө жер көчкү бир айылды басып калып, 40 адам набыт болгон. 2009-жылы Аксыда жүргөн жер көчкүдө Райкомол айылынын 16 тургуну набыт болгон, анын 11и балдар болчу.

2017-жылы жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 киши анын алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз кишинин сөөгү табылган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG