Аба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөт

Ала-Арча капчыгайы.

1-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 27…32 градус ысыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22°, күндүз 37…39° ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 29…31° ысык болот.

Дагы караңыз

Кеминдеги майнинг компания электрди Казакстандан алууну сунуштоодоМинистр Ибраев кышында өчүрүүлөр болбой турганын айттыКариб деңизине чөгүп кеткен кыргыз жарандары жөнүндө маалымат такталуудаТүркияда жол кырсыгына кабылган казак туристтеринин бири каза тапты