Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:24

Кариб деңизине чөгүп кеткен кыргыз жарандары жөнүндө маалымат такталууда


"Настоящее время" телеканалынын видеосунан алынган сүрөт.
"Настоящее время" телеканалынын видеосунан алынган сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кариб деңизинде сууга чөгүп кеткени айтылган үй-бүлө тууралуу маалымат такталып жатканын 31-июлда билдирди. Анда Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Кариб бассейниндеги өлкөлөрдүн тиешелүү органдары менен чогуу иш алып барып жатканы айтылат.

"Настоящее Время" телеканалы АКШга мыйзамсыз жол менен барган казакстандык Жанат Шамиганов менен маектешкен видеосун 30-июлда жарыялаган. Анда Шамиганов Кариб деңизинде алар менен чогуу бараткан кыргыз келиндин колундагы наристеси сууга түшүп кеткенин, аны куткаруу үчүн келин жана анын күйөөсү да түшкөнүн айтып берген.

Буга чейин АКШга Мексика аркылуу мыйзамсыз өткөндөрүн арасындагы кыргызстандыктар болгон. "Азаттык" алардын айрымдары менен маектешкен. Мигранттар менен иш алып барган уюмдар жана мамлекеттик мекемелер жарандарды эмгек миграциясына ошол өлкөнүн тилин, мыйзамын билип, мыйзамдуу жолдор менен барууга чакырып келет.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кошмо Штаттарда болжол менен 26 миңдей кыргызстандык атуул иштеп, жашап жатат. Булардан сырткары Түштүк Корея, Европа өлкөлөрүндө да убактылуу жашап-иштеген мекендештер бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG