Аба ырайы: тоолуу райондордо жаан жаайт

Сары-Челек.

Кыргызгидромет кабарлагандай, 29-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 31…36;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Бийик тоолуу райондордо -2…+3, күндүз 9…14 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 33…35 градус болот.

Дагы караңыз

Ереван Лачын коридоруна кирүү жөнүндөгү суроосуна Москва жооп бербей жатканын билдирди “Эркечтамда” Кыргызстандан Кытайга көмүр ташуу жеңилдейт Москванын мэри дрон менен чабуул коюу аракети болгонун билдирдиИИМ тергөөнү жакшыртуу үчүн 100гө жакын кызматкер алатТүркмөн бийлиги калкын чет өлкөлүк медиаларды окубоого чакырды