Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:15

ИИМ тергөөнү жакшыртуу үчүн 100гө жакын кызматкер алат


Ички иштер министрлигинин (ИИМ) имараты.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) имараты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жер-жерлерде тергөө кызматтарынын ишин жакшыртуу үчүн жүзгө жакын жаңы кызматкер алат. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков 28-июлда ички иштер органдарынын жарым жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган отурумда айтты.

Ал министрликке экономикалык иштерди тергөө милдети берилгенин ушундан улам кошумча кызматкерлер алынарын билдирди.

Президент Садыр Жапаров 26-июлда прокуратура органдарынан тергөө жүргүзүү укугун алып аны Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) берүү мыйзамына кол койгон. Ага ылайык, прокуратура органдары буга чейин тергеп жаткан иштер ИИМ менен УКМКга өткөрүп берилет.

2019-жылы сот-укук реформасынын алкагында жаңы кодекс ишке кирип, анда прокуратурадан тергөө жүргүзүү функциясы алынган. 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик ал кодекстерге өзгөртүү киргизип, 2021-жылы Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы кайра түзүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG