Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:23

Түркмөн бийлиги калкын чет өлкөлүк медиаларды окубоого чакырды


Ашхабад шаары. Июнь 2023-жыл
Ашхабад шаары. Июнь 2023-жыл

Түркмөнстандын бийлик өкүлдөрү бюджеттик кызматкерлер менен жолугушууда чет элдик маалымат каражаттарын окубоого жана социалдык-экономикалык маселелер тууралуу маалыматтарды "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун түркмөн редакциясы - "Азатлыкка" жөнөтпөөгө чакырышты.

Бул тууралуу сөз болгон редакциянын Балкан чөлкөмүндөгү кабарчысы 26-июлда билдирди.

Андан бир күн мурда Түркмөнбашы шаарында Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери, шаар акимиятынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү бюджеттик мекемелерде иштегендер менен эки жыйын куруп, "маалыматты сыртка чыгарбоого" чакырышкан.

Жыйынга катышкандардын бири кабарчыбызга айтып бергендей, кездешүүнүн башкы темасы "Азатлык" чагылдырган темаларда камтылган маалыматтардын сыртка чыгуусун алдын алуу чаралары болгон. Ар бир кызматкерге интернетте чет элдик каражаттарды окутпоо үчүн үй-бүлө мүчөлөрүнө көз салуу тапшырмасы берилген.

Жыйындардын уюштуруучулары өлкөдөгү көйгөйлөр тууралуу "Азатлыкка" билдирип туруу "түркмөн салттарына каршы келерин" айтышты.

Түркмөн редакциясынын жазганына караганда, бийликтин сабырдуу болуу чакырыктары экономикалык каатчылыкка, калкты толук көзөмөлдөө аракеттерине байланыштуу уланып жатат.

"Азатлык" мамлекеттик маалымат каражаттары чагылдырбаган темаларды жазып келет.

Эл аралык укук коргоо уюмдары түркмөн бийлигин саясий жана жарандык укуктарды, сөз, медиа эркиндиктерин чектегени үчүн бир канча жолу сындаган.

XS
SM
MD
LG