Константиновкада орус күчтөрүнүн чабуулунан 12 жаштагы кыз каза тапты

Константиновка. Калктуу конушка жасалган чабуулдан кийинки кийинки көрүнүш.

Украинанын Константиновка калаасында орус күчтөрү аткылаган учурда жараат алган 12 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу 26-июлда Донецк облустук администрациясынын башчысы Павел Кириленко билдирди.

Кыз 25-июлга караган түндө болгон чабуулда жараат алып, ооруканага жаткырылган эле. Ушул эле чабуулда 10 жаштагы бала да жашоо менен кош айтышкан. Андан тышкары дагы бир жайкын тургун набыт кеткен. Украин бийлиги аткылоодо кассеталык ок-дарылар колдонулганын билдирген. Маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Шаршембиде эртең менен таратылган расмий кабарга ылайык, бир суткада 26 жерде кагылышуу болду, анын көбү Запорожье жана Херсон облустарында. Украинанын армиясы Мелитополь жана Бердянск багытында контрчабуулун улантууда.

Украинанын авиациясы Орусиянын турумдарына тогуз жолу сокку урду. Башкы штаб Москванын бир тик учагы, беш "Шахед" жанкечти дрону жана чалгындоочу учкучсуз учагы атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Дагы караңыз

Норвегияда партия лидери көз айнек уурдаганы үчүн кызматтан кеттиШойгу Түндүк Кореяга бардыОрус паспортун быйыл тажикстандыктар көп алды