Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

Орус паспортун быйыл тажикстандыктар көп алды


Орусиядагы тажик мигранттары. Иллюстрациялык сүрөт
Орусиядагы тажик мигранттары. Иллюстрациялык сүрөт

Быйылкы жылдын биринчи жарымында орус паспортун алгандар арасында тажик жарандары биринчи орунга чыкты.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин статистикасына караганда, январдан июнга чейин 87 миңге жакын тажикстандык орус жарандыгын алды.

Былтыркы жылы ушул убакта бул сан 13 миңге азыраак болчу. Күнүнө болжол менен 500дөй тажикстандык Орусиянын жарандыгын алат.

Орус паспортун алгандардын экинчи сабында украиналыктар (39 миң) турат. Бирок согуш шартында бул маалыматты көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.

Орусиянын Ички иштер министрлиги орус жарандыгын алууну каалагандар азаюуда деп билдирди. Алты айда 205 миң чет элдикке орус паспорту берилди. Былтыркы жылдын ушул эле мөөнөтү менен салыштырганда бул 382 миңге аз.

"Озоди" радиосу жазгандай, расмий маалыматта Орусиянын жарандыгына өтүүнү каалаган тажикстандыктардын саны акыркы үч жылда өсүп жатканы айтылууда. 2020-жылы ал өлкөнүн паспортун 63 миң тажик жараны алса, 2021-жылы 103 миң болгон, өткөн жылы 173 миңден ашкан.

Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 500 миңден ашары расмий айтылып келет.

Июлдун ортосунда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, “Справедливая Россия — За правду” фракциясынын лидери Сергей Миронов миграциялык мыйзамдарды катаалдаштырууга чакырып, орус жарандыгын туш келди берүүнү токтотууну, Борбор Азия мамлекеттери менен виза режимин киргизүүнү жана мигранттар үчүн 14 жаштан баштап орус тилинен сынак алууну сунуш кылган.

XS
SM
MD
LG