Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:04

Шойгу Түндүк Кореяга барды


Пхеньян, 25-июль 2023-жыл
Пхеньян, 25-июль 2023-жыл

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 26-июлда "аскердик байланыштарды бекемдөө максатында" Түндүк Кореяга барды.

Мекеменин Телеграм-каналында айтылгандай, Пхеньянда орус делегациясы "1950-1953-жылдагы Ата мекендик боштондук согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чараларга катышат". Кеп Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын урушу тууралуу жүрүүдө.

Орусия Украинага басып киргенден бери Батыш өлкөлөрү Москва менен Пхеньяндын кызматташтыгына көңүл бурууда. АКШнын чалгын кызматтары Түндүк Корея орус армиясын артиллериялык ок-дары жана техника менен камсыздаганын белгилеген. Пхеньян бул маалыматтарды четке кагып келет.

Түндүк Корея - Орусия жана Сирия менен катар былтыр күздө Украинанын төрт облусунун аннексиясын тааныган өлкө.

XS
SM
MD
LG