Садыр Жапаров эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоону тапшырды

Ысык-Көл. Иллюстрация.

Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүү тапшырмасын берди.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып, өлкө башчы анын ичинде суу транспортунун ишмердигин тартипке салуу керектигин айтканын билдирди.

23-июлда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “таблетка” баллонун сүйрөтүп бара жатып, “таблетка” теплоходго урунган. Андан үч адам денесинен жаракат алып, эки киши 24-июлда каза болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги каза болгондор 2000-2004-жылкы улан, кыздар экенин, бирөө башынан, дагы бири жамбашынан жаракат алганын билдирди. Үчүнчү адам хирургия бөлүмүндө дарыланып жатат.

Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгы кылмышка шектүү баштапкы суракта күнөөсүн толугу менен мойнуна алганын кабарлады.

Ысык-Көлдө сууга түшүп жаткан эс алуучулар скутердин айынан кырсыктаган окуялар буга чейин да болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Амангелдиев: Санкциядан улам экспорттук товарды текшерүү күчөдүТүркияда токойлорду каптаган өрттөн улам ондогон киши эвакуацияландыБорбор Азиянын банктары "Юнистрим" системасы менен кызматташууну токтотууда Төрт айда 1800дөн ашык мас айдоочу күбөлүгүнөн ажырадыБекматов: Жаныбек Абиров кайра шайлоого талапкер боло албайтАймактык реформа: Нарындагы 63 айыл өкмөтү 27ге чейин кыскарды ИИМ Интернеттеги алдамчылар жаңы ыкмаларды жайылтып жатышканын эскертти