Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:37

Бекматов: Жаныбек Абиров кайра шайлоого талапкер боло албайт


Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

Борбордук шайлоо комиссиянын (БШК) мүчөсү Абдыжапар Бекматов мандатын тапшырып кеткен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округундагы кайра шайлоого катыша албай турганын билдирди.

Бул тууралуу ал “Азаттыкка” комментарий берген учурда айтты.

“Конституциялык мыйзамда “кайра шайлоонун дайындалышына себепчи болгон жаран кайра шайлоого катыша албайт” деген жобо бар. Экинчи – моралдык да жагы бар. 130 миңге жакын шайлоочу убара болгонун да караш керек”, - деди Бекматов.

Жаныбек Абиров 24-июлда Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде суроолорго жооп берип жатып Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышууну ойлонуп жатканын айткан.

Абдыжапар Бекматов Боршайком коллегиалдуу орган экенин, Жаныбек Абиров кайра шайлоого катышуу боюнча арыз берсе, аны БШК мүчөлөрү чече турганын кошумчалады.

Ленин округунан депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл март айында өзү аралашкан мушташтан улам мандатын тапшырган. Бул округда кайра шайлоо 28-майда өткөн.

Боршайком бирок Ленин округундагы шайлоонун жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86 % добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон. Кайра шайлоо 10-сентябрга белгилеген.

Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылы 28-ноябрда өткөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG