Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

Борбор Азиянын банктары "Юнистрим" системасы менен кызматташууну токтотууда 


"Юнистрим" акча которуу системасынын эн белгиси.
"Юнистрим" акча которуу системасынын эн белгиси.

Борбор Азиянын бир нече банкы "Юнистрим" акча которуу системасы менен кызматташууну токтотту. Буга аталган системанын АКШнын санкцияларына кабылышы себеп болду.

24-июлда Өзбекстандын "Халк-банкы", "Ипотека-банкы" жана "Капиталбанкы" иштешүүнү токтотконун жарыялашты. Бул тууралуу "Фергана ньюс" агенттиги жазды.

Кыргызстанда "Компаньон", Finсa банк, "РСК Банк", "Халык Банк" жана "Капитал Банк" аталган банк менен кызматташууну чектегенин Economist.kg басылмасы жазды.

Казакстанда "Казпочтасы" жана Нурбанк бул система менен мындан ары иштешпей турганын жарыялады.

ТАСС агенттиги жазгандай, Тажикстанда «Юнистрим» менен "Ориенбанк" жана "Хумо" банкы кызматташууну токтотту.

Андан тышкары Армения жана Грузия банктары да ушундай эле чечимге барганын жарыялашты.

Орусиянын "Юнистрим" акча которуу системасына санкция киргизилгени 20-июлда жарыяланган. Бул система отуздан ашык мамлекетке, анын ичинде Кыргызстанга акча которуу менен алектенчү.

XS
SM
MD
LG