Төрт айда 1800дөн ашык мас айдоочу күбөлүгүнөн ажырады

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкер. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда төрт айда мас болуп автоунаа айдаган 1800дөн ашуун адам бир жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, мас айдоочулардын жоопкерчилиги күчөтүлгөн 8-марттан бери ичимдик ичип машина айдагандар 17% азайды.

Быйыл 8-марттан тартып жол эрежесин бузган айдоочуларга карата чаралар катаалдашып, айып пулдардын өлчөмү көбөйтүлгөн.

Ага ылайык, мас абалындагы айдоочулар айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат. Айрым жол эрежелерин бир жыл ичинде үч жолу бузган айдоочу кайра экзаменге жөнөтүлөт. (BTo)

Дагы караңыз

AP: АКШ Украинага 400 млн. долларлык кошумча жардам жөнөтөт"Вагнер" менен кызматташкан Малинин үч расмий өкүлү санкцияга илинди Чолпон-Атада скутер кырсыгы боюнча шектүү күнөөсүн мойнуна алдыВебкам иши: Даниел Ажиевдин камактагы мөөнөтү узартылдыБекматов: Жаныбек Абиров кайра шайлоого талапкер боло албайтАймактык реформа: Нарындагы 63 айыл өкмөтү 27ге чейин кыскарды Forbes дүйнөдөгү куну төмөн 10 валютанын тизмесин жарыяладыКазакстанда дизелдик майдын кымбатташына каршы митинг өттү