Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:23

Казакстанда дизелдик майдын кымбатташына каршы митинг өттү


Актөбөдө митингге чыккандар.
Актөбөдө митингге чыккандар.

Казакстандын Актөбө шаарында Дыйкандар бирлигинин кеңсесинин алдына 30дай адам чогулуп, дизелдик майдын кымбатташына нааразылык билдиришти.

24-июлдагы митингге катышкандар Айыл чарба жана Энергетика министрликтерине кат жолдоп, дизелдик майды арзандатууну суранышты.

Алардын айтымында, жазында 207 теңгеден (46 цент) сатылган дизель майы азыр 265 теңге (59 цент) болууда. Дыйкандар мындай баа алардын чөнтөгүнө оор келип, талаа жумуштарына кедергисин тийгизип жатканын белгилешти.

Митингчилер менен жолуккан Актөбө акимчилигинин өкүлү Астанага тийиштүү кат жөнөтүлгөнүн билдирди.

Апрелде Казакстандын Энергетика министрлиги бензиндин баасын 11 %га, дизелдик майды 20 %га көтөрүүнү чечкен. 3-апрелде министр Болат Акчулаков мындай чечимди "Казакстан менен коңшу мамлекеттердин ортосундагы баанын айырмасын азайтуу зарылчылыгы" менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG