Чек ара: Кыргызстан "тажик жарандары милиция кызматкерине кол салганын" билдирди

Баткен. Кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай айылы. Архив

Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы 24-июлда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя тууралуу маалымат берди.

Мекеменин маалыматына караганда, машинеде Ак-Сай - Көк-Таш жолунда бараткан Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарынын жолун сегиз автоунаадан турган колонна менен Ворух анклавынан Кожалы (Хожа-Алъо) айылына багыт алган тажик жарандары кесип, натыйжада Дача тилкесинде тараптардын ортосунда мушташ чыккан.

“Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкери барган. Бирок ага Хожа-Алъо (Кожалы ред.:) айылынын тургундары кол салган. Ал кызматкер окуя болгон жерден качып чыгууга жетишкен. Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, автоунаасынын арткы терезесин сындырышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы ушу тапта эки тараптын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү жүрүп жатканын билдирди.

Кыргызстандын бардык күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдары кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абалды турукташтыруу үчүн тийиштүү чараларды көрүп жатканын кабарлады.

Тажикстан тараптан бул окуяга байланыштуу комментарий боло элек.

Дагы караңыз

Орусия дрон чабуулун Киевден көрдү Израилдин парламенти сот реформасы тууралуу талаштуу мыйзамды жактырдыКутманованын уулу депортация борборунда экени маалым болду Москваны териктирген кыргыз тил мыйзамы