Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:12

Израилдин парламенти сот реформасы тууралуу талаштуу мыйзамды жактырды


Демонстранттар Кнессеттин жанында Израилдин желегин кармап турушат.
Демонстранттар Кнессеттин жанында Израилдин желегин кармап турушат.

Израилдин парламенти - Кнессет өлкөдө жапырт нааразылык жараткан сот реформасына байланыштуу биринчи мыйзам долбоорун 24-июлда жактырды. Бул тууралуу The Jerusalem Post басылмасы жазды.

Оппозициялык депутаттар акыркы добуш берүүгө бойкот жарыялашкан, бирок башкаруучу коалициянын 64 мүчөсүнүн добушу мыйзамды кабыл алууга жетиштүү болду.

Мыйзам долбоору Жогорку Соттун өкмөт чыгарган чечимдерди жокко чыгаруу укугун чектейт. Коомчулукта бул документ бийликти кыянаттык менен пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт деп сындашууда.

Оппозиция мындай өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгында соттор көз карандысыздыгын жоготуп, өкмөттүн чечимдерин көзөмөлдөө кыйын болуп калат деп эсептешет. Бийлик мындай дооматтарды четке кагып келет.

Израилде миңдеген адамдар сот реформасына каршы бир канча жолу акцияга чыгышкан.

XS
SM
MD
LG