Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) билдиришинче, 14-июлда Семенов-Тянь-Шанский чокусунда жоголгон чет өлкөлүк турист табыла элек.
Министрликтин маалыматына ылайык, 23-июлда таң эрте сегиз куткаруучудан турган топ чокунун түндүк-батыш тарабында түшкөн кар көчкүнү карашкан, бирок издөөдөн жыйынтык чыккан эмес.
"Саат 3төр чамасында кар эрий баштагандыктан издөө иштери убактылуу токтотулуп, куткаруу тобу Семенов чокусунан Рацек жайына кайтышты", - деп жазылган маалыматта.
Кыргызстанга эс алууга же атайын бийик чокуларга чыгууга келген чет өлкөлүк туристтердин жана альпинисттердин өлүмү катталып турат. Адистер өлкөдө тоо туризми жанданганы менен, коопсуздукту камсыздоо шарты жетишсиздигин айтып келишет.
Дагы караңыз
Москванын мэри шаар дрон чабуулуна туш болгонун билдирдиМосква: кыргыз жарандарынын 14 млн. рублдик маянасы өндүрүп берилди НАТО-Украина кеңешинде дан ташуу маселеси талкууланат Ак-Ордо-3 конушундагы аварияда жабыркаган дагы бир адам каза болду