Грекиянын Родос аралынан 19 миңдей киши эвакуацияланды. Бийлик 23-июлда билдиргендей, үч күндөн бери ал жактагы токойду ири өрт каптап жатат. Арасында жергиликтүү тургундар жана туристтер бар.
Климаттын өзгөрүшү жана жарандык коргоо министрлиги элдин көчүрүлүшүн "токойдогу өрткө байланыштуу эң чоң эвакуация" деп атады.
Полициянын маалыматына караганда, алты адам дем алуу органдары жабыркап кыска убакытка ооруканага жаткырылды.
Жеринде ондогон өрт өчүрүү техникасы, жүздөгөн куткаруучулар иштеп жатат. Түркиядан жана Хорватиядан да адистер жардамга барганын AP агенттиги жазды.
Тилсиз жоо айрыкча Родостун тоолуу бөлүгүндө күч алган. Өрт өчүрүүчүлөр анын чытырман токойлорго жайылышын токтотууга аракет кылып жатышат.
Метеорологиялык кызматтар Европанын түштүгүндө алдыдагы бир нече күндө рекорддук ысык болорун буга чейин эскертип, Испания, Италия жана Грекияда адаттан тыш аптап өкүм сүрүп жатканы кабарланган.
Июлдун ортосунда Испаниянын Атлантикадагы Пальма аралында токойдогу өрттөн улам 4 миңге жакын киши эвакуацияланды.
Дагы караңыз
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ооруканага түштүОрусия Одессадагы чиркөөгө жасалган чабуулду Украинадан көрдүАмерика флотунун башчылыгына биринчи ирет аял киши сунушталды