Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:06

Америка флотунун башчылыгына биринчи ирет аял киши сунушталды


Лиза Франкетти
Лиза Франкетти

АКШ президенти Жо Байден адмирал Лиза Франкеттини аскердик-деңиз флотунун башчылыгына сунуштады. Эми дайындоону Сенат бекитиши керек. Бул америкалык флоттун башына аял киши келген алгачкы учур. Мындан тышкары, Франкетти АКШ тарыхында адмирал наамын алган экинчи айым.

Буга чейин бул кызматты аркалап келген адмирал Майк Гилдэй талап кылынган убакытка жараша кызмат өтөгөндөн кийин отставкага кетти. Анын ордуна талапкер катары адмирал Сэмуэл Папаро каралып жаткан. Бирок Байден аны Инд-Тынч океан аймагындагы аскердик-деңиз күчтөрүнүн башчылыгына сунуштоону эп көрдү.

Франкеттинин талапкерлигин сунуштап жаткан Ак үй ал аскер-деңиз флотунда 1985-жылдан бери эмгектенерин, буга чейин Жер Ортолук деңизде АКШнын алтынчы флотуна, Американын Кореядагы аскер-деңиз күчтөрүнө командирлик кылганын, биргелешкен стратегия жана пландоо бөлүмүндө кызмат кылганына токтолду.

Учурда ал АКШнын аскер-деңиз флотунун оперативдүү бөлүм башчысынын орун басары болуп эмгектенет.

Франкетти алгачкы билими боюнча журналист. Аскер-деңиз коллежинде билим алгандан бери флотту таштаган эмес.

XS
SM
MD
LG