Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:19

Орусия Одессадагы чиркөөгө жасалган чабуулду Украинадан көрдү


Спасо-Преображенский чиркөөсү, соккудан кийинки көрүнүш.
Спасо-Преображенский чиркөөсү, соккудан кийинки көрүнүш.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Одесса калаасына урулган акыркы сокку тууралуу маалымат берип, муну "Орусияга каршы даярдалып жаткан террордук актыларга каршы чабуул" деп атады.

Министрликтин өкүлү Игорь Конашенков орус армиясы "чет элдик жалданма аскерлер жайгашкан" делген объектилерге "жогорку тактыктагы куралдар" менен сокку уруп, бардык буталар жок кылынганын маалымдады.

Орусия Одессадагы чиркөөгө атайылап сокку урулбаганын белгилеп, муну Украинанын Аскер аба-күчтөрү жасаган болушу мүмкүндүгүн айтууда.

Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко Орусия архитектуралык эстеликтерди гана эмес, көп кылымдык тарыхы бар түркүн түстүү шаарды ырайымсыздык менен талкалап жатканын Телеграмга жазды.

23-июлга караган түнү орус армиясы Украинанын Одесса шаарына кайрадан сокку урду. Дээрлик бир аптадан бери тынымсыз бутага алынып келаткан калаада жекшембидеги чабуул 49 жаштагы жергиликтүү тургундун өмүрүн кыйды. "Азаттыктын" украин кызматы 22 киши жараат алганын жазды.

Бул чабуулда Одессанын тарыхый бөлүгүндөгү Спасо-Преображенский чиркөөсү да зыян тартты. 18-кылымга таандык чиркөө совет бийлиги учурунда талкаланып, кийин кайра калыбына келтирилген, ЮНЕСКОнун коргоосунда.

XS
SM
MD
LG