21-июлда борбор калаа Бишкектеги "Эркиндик" бульварында шахмат аллеясы ачылды. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, ачылыш аземинде аллеяда жаш шахматчылардын жана тогуз коргоолчулардын мелдеши өтүп, жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылды.
Бишкек мэриясы аллеяны өз эсебинен куруп, шаардыктарга тартуулаган "Шоро" компаниясына ыраазылык кат тапшырды.
Шахмат аллеясында каалоочулардын баары ойной алышат. Болочокто аллеяда шахмат, тогуз коргоол жана столдо ойнолуучу оюндардын түрдүү мелдештери уюштурулуп турмакчы.(ZKo)
Дагы караңыз
"Алкан" базарындагы бомба тууралуу маалымат жалган болуп чыкты COVID-19: кенемте ала албай калган медиктер президентке кайрылдыКыргызстан кийинки жылы 3,5 млрд кВт саат электр энергиясын импорттойтАстана: Казакстан экинчи деңгээлдеги санкцияларга кабылбоого аракет көрөтМобилизициядан качкан орусиялыктар Франциядан башпаанек сурай алышатАвстралия Орусиянын 35 ишканасына санкция киргизди