Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

"Алкан" базарындагы бомба тууралуу маалымат жалган болуп чыкты


"Дордой" базары. Иллюстрациялык сүрөт.
"Дордой" базары. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) "Дордойдун" аймагында жайгашкан "Алкан" базарындагы бомба тууралуу маалымат тастыкталбаганын билдирди.

Бүгүн, 21-июлда саат 9:55те Бишкек шаардык милициясынын 102 номуруна белгисиз бирөөлөр чалып, "Дордойдогу" "Алкан" базарына жардыргыч зат коюлганын билдирген. Базардагы соодагерлер жана кардарлар тез арада чыгарылып, бардык тарабынан тосмолонгон.

Кинологдор менен саперлордун изилдөөсүнөн кийин маалымат жалган экени аныкталган.

"Бомба" тууралуу жалган маалыматтар буга чейин дагы бир нече жолу катталган. 17-июлда Бишкектеги "Чынар" соода борборунда жана "Бахчай" кафесинде бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, тастыкталган эмес.

Бишкекте апрелде жана майда бир нече жолу бир катар мектептерге, жогорку окуу жайларынын имараттарына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөндө, ичиндегилер сыртка чыгарылган. Текшерүүдө жарылуучу зат коюлбаганы маалым болгон эле.

24-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкекте бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат таратууга шек саналып Нарын облусунун 22 жаштагы тургуну кармалды деп билдирген.

20-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту жардыргыч зат тууралуу жалган маалымат берген аттуу жаранды алты айга камаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG