Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:20

Мобилизициядан качкан орусиялыктар Франциядан башпаанек сурай алышат


Армияга жакынын узатып жаткандар. Бурятия. 15-октябрь, 2022-жыл.
Армияга жакынын узатып жаткандар. Бурятия. 15-октябрь, 2022-жыл.

Башпаанек маселелерин тескеген Франциянын Улуттук соту мобилизациядан качкан орусиялыктар качкын макамын сураганга укуктуу деген чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун маалымат кызматы 20-июлда билдирди.

Чечимде белгиленгендей, башпаанек алуу үчүн кайрылган адам Орусияда мобилизацияга же армияга чакырылгандыгы тууралуу далилдерди көрсөтүшү керек. Ал эми запастагы аскер экени тууралуу факт качкын макамын суроого негиз болушу мүмкүн эмес.

Сот ошондой эле Орусияда азыр армияда кызмат өтөөдөн баш тартуу мүмкүн эмес экенин, ал эми мобилизацияга каршы чыккандар бийликтин кысымына кабылып жатканын жүйө келтирген.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага басып кирип, согуш баштаган. Орусияда ошол эле жылдын сентябрь айында аскердик мобилизация жарыяланган.

Расмий маалыматтарга ылайык, 330 миң адам мобилизация аркылуу Украинадагы согушка тартылган. Октябрь айынын соңунда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация аяктаганын жарыялаган. Бирок Орусиянын президенти Владимир Путин бул тууралуу тиешелүү буйрукка кол койгон эмес.

Ошондой эле быйыл жыл башында Орусияда кабыл алынган жаңы мыйзамга ылайык, аскерге чакырылгандар чет өлкөгө чыга турган паспортун Ички иштер министрлигинин миграция бөлүмүнө тапшырышы керек. Комиссия аскерге чакыруу тууралуу чечим кабыл алгандан кийин паспортту тапшырууга беш күн бөлүнөт. Жаран аскердик кызматын өтөп бүткөндөн кийин документ кайтарып берилет.

XS
SM
MD
LG