20-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33 градус ысыйт.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 33…35° ысык болот.
Дагы караңыз
Башталбай жатып белгилүү болгон чечим. Сот кимдин буйругун аткарды?Түркстан: секелектин өлүмүнөн улам райондук соттун төрагасы иштен кетти "Аралдын тагдырын кайталашы мүмкүн". Каспий кечээ жана бүгүнПрезидент Садыр Жапаров Сауд Арабиясына барды