Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 18-июлда саат 09:45те Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер силкинүү Кадамжай районунун Кара-Дөбө, Кожо айылдарында 4 балл, Үч-Коргон, Котур-Булак, Ак-Булак айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарында 3,5 балл, ал эми Чаувай, Караван айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматка ылайык, анда жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Аталган облуста 17-июлда дагы жер титиреген. Сейсмология институту дүйшөмбүдө саат 21:52де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун маалымдаган. Жер титирөө Кадамжай районунун Сары-Талаа, Шуран айылдарында жана Айдаркен шаарында 3 баллга чейин сезилген жана жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 12 район сейсмикалык кооптуу зонада жайгашкан. Чүй облусунда сейсмикалык кооптуулугу жогору болгон зонага - Бишкек шаары, Аламүдүн жана Сокулук райондору кирет. Жалал-Абад облусунда - Базар-Коргон, Ноокен жана Сузак райондору, Ош облусунда — Ош шаары, Араван, Кара-Суу жана Өзгөн райондору, ал эми Баткен облусунда - Кадамжай району жана Нарын облусунда - Кочкор району кооптуу зоналар болуп саналат.

Өлкөдө жылына орто эсеп менен 3000 жер титирөө катталат, анын ичинен он-жыйырмага жакыны беш баллдан ашкан сезилерлик магнитудагы жер титирөөлөр. Жер титирөөнүн очогу жер кыртышынын чегинде жайгашкан. Көпчүлүк гипо-борборлор 5 километрден 25 километрге чейинки тереңдикте жайгашкан.

Дагы караңыз

Кыргызстандан Британияга утурумдук жумушка 5230 адам жөнөтүлдү Путин Крым көпүрөсүндөгү жардырууга "жооп болорун" айттыОрунбеков курулушка жумушчулар жетпей жатканын билдирди Молдобаев Конституциялык соттун чечиминин кайра каралышы жөнүндө түшүндүрмө берди