Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:14

Молдобаев Конституциялык соттун чечиминин кайра каралышы жөнүндө түшүндүрмө берди


Конституциялык сот.
Конституциялык сот.

Президент Садыр Жапаровдун Конституциялык соттогу атайын өкүлү Алмазбек Молдобаев аталган соттун чечимдерин кайра кароого жол ачкан мыйзам долбоору тууралуу түшүндүрмө берди. Анда судьялар дагы жаңылыштык кетирерин, аны оңдоо үчүн чечимдерди кайра кароо мүмкүнчүлүгү болушу керектигин айтты. Мындай тажрыйба Казакстанда жана Өзбекстанда дагы бар экенин белгиледи.

"Конституциялык сотто өз чечимин кайра кароого мүмкүнчүлүгү болушу керек. Мисалы, Конституция өзгөрсө же кандайдыр бир жаңы жагдайлар болсо, иш каралып жаткан учурда белгилүү болбогон негиздер болсо же элибиздин моралдык баалуулуктарына, аң-сезимине карама-каршылыктар келсе кайра каралышы керек. Азыр эч ким кепилдик бере албайт, соттор дагы ката кетирет, кээде туура эмес документтер берилет. Ушундай каталар кетиши мүмкүн. Конституциялык соттун чечимин өздөрү эле карайт, аларды эч ким көзөмөлдөбөйт. Чечим президенттин жана Конституциялык соттун сунушу менен кайра каралат. Сот чечиминде кандайдыр бир ката кетсе президент аны кайроону сунуштай алат. Казакстанда дагы, Өзбекстанда дагы мындай тажрыйба бар. Убакыт өзгөрөт, сот чечими туруп калбашы керек. Өзгөртүү киргизүүгө мүмкүнчүлүк болушу керек",-деди Молдобаев.

Мунун алдында, 17-июлда президенттин администрациясы "Конституциялык сот жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анда бул мыйзамды аталган соттун чечимин кайра кароого жол ачкан 52-берене менен толуктоо каралган.

Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен төмөнкү жагдайда кайра каралышы ыктымалдыгы көрсөтүлгөн.

1) чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциянын ченеми өзгөрсө;

2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;

3) чечим Кыргызстан элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

Азыркы мыйзамга ылайык, Конституциялык соттун чечими кайра кароого жатпайт.

Мындан он күн мурда, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "матроним" тууралуу жарандык пикирин билдирген. Ал Фейсбуктагы баракчасына "эч кандай матчество болбойт, ким кабыл алса ошол кайра жокко чыгарышы керек. Бул менин жарандык позициям",- деп жазган.

Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызы тууралуу чечим чыгарган. Анда Үй-бүлө кодексинин 63-беренеси жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын 30-беренеси Конституцияга каршы эмес деп табылган.

Мыйзамга ылайык, ысымдар кыргыздын улуттук каада-салты, ошондой эле советтик система боюнча ыйгарылат: өз аты, фамилиясы жана атасынын аты. Кыргыздын улуттук каада-салты менен “уулу, кызы, тегин” деген жазуу менен ат коюу өзгөрүүсүз калат.

Конституциялык сот Капалованын бала төрөлөрү менен энесинин атын фамилия кылып берүү боюнча өтүнүчүн канааттандырган эмес. Мекеме бала атасынын же энесинин атын алууну 18 жашка чыккандан кийин гана өзү чечиши керектигин белгилеген.

Конституциялык соттун чечмелөөсүнө ылайык, бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар.

Конституциялык сот бул маселеде укуктук боштук бар экенин белгилеп, Министрлер кабинетине тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тапшырма берген.

Алтын Капалова үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатып, атасынын ордуна өзүнүн атын жаздырган.

2021-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы анын балдарына документ берген кызматкер кемчилик кетиргенин жана жоопкерчиликке тартыларын билдирген. Мекеме документтерди жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылып, бардык инстанцияда утуп алган.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2020-жылы ноябрь айында күчүнө кирген жаңы мыйзам боюнча балага энесинин атынан документ берилбей турганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG