Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:03

Орунбеков курулушка жумушчулар жетпей жатканын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков учурда Кыргызстанда курулуш тармагына адам күчү жетпей жатканын билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына бул тармакка жумушчуларды үгүттөгөн видео дагы жарыялады.

"Кыргызстанда оор сыноолор, чек арадагы кагылышуудан кийинки ири чыгымдарга карабай өлкө аймагында курулуштар кызуу жүрүп жатат. Быйыл 204 мектептин курулушу башталды, анын 100дөйү ушул жылы бүтөт. Ар кандай социалдык обьектилер, жолдор, ГЭСтер, ипотекалык үйлөрдүн курулуштары бар. Жеке курулуш компаниялары дагы көп кабаттуу үйлөрдү курууда. Бир кезде Кыргызстанда жумуш орундары жок, элибиз чет өлкөгө кетип, курулушчу болуп иштешкен. Учурда бизге адам күчү жетишпей, курулуш тармагында эле миңдеген жумуш орундары бош. Төмөнкү видеодо кызматкерлер үчүн жумуш орундары сунушталды, айлык акылары 80 миң сомдун тегереги",-деп жазды Орунбеков.

Мунун алдында, 17-июлда президент Садыр Жапаров жол курууга керектүү техникаларды тапшырып жатып, курулуш маселелерине токтолгон. Ал Бишкектеги жаңы өкмөт үйүн куруу кечигип жатканын билдирип, буга байланыштуу жергиликтүү курулушчуларды сынга алган. "Асман" шаарын курууга Дубайдан келген 800дөй адамды өкмөт үйүн убагында бүтүрүү үчүн алып калганын айткан..

"Жаңы өкмөт үйүн сентябрга чейин бүтүрөбүз деген план бар эле. Анткени октябрда КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтөт. Ага 12 өлкөнүн президенти келет, биз аларды жаңы өкмөт үйүндө тособуз деп пландаштырып жатабыз. Ал жерде 400дөн ашык кыргыз жигиттерибиз иштеп жаткан. Аман эле бололу, бир күндө сегиз саат иштеш керек болсо анын беш эле саатын иштейт. Ишемби күнгө чейин иштеш керек болсо дем алыш күндөрү, кээде биринчи күнү дагы келбей коюшат. Иштегенде бир саат түштөнөт, бир саат телефонун чукуйт. Бир күндө бүтүрчү ишти бир жумада дагы бүтүрө албай жатабыз. Айлабыз кетип, Дубайдан учуп келген 800дөй курулушчуну Бишкекке токтотуп калдык. Сентябрга чейин бүтүргөнгө жардам берип, андан кийин "Асман" шаарын курууга кеткиле деп алып калдык",-деди Жапаров.

Президент Дубайдан курулушчулар кандай шартта, кантип келишкенин тактаган жок.

Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы 2021-жылдын аягында бузулуп, анын ордуна жаңы өкмөт үйүн куруу 2022-жылы апрелде башталган.

Анда президенттин иш башкармалыгы жаңы Ак үйдү TS Group компаниясы кура турганын бышыктаган. Анын ордуна аталган компанияга шаардын түштүк тарабынан 16 гектар жер берилери айтылган жана буга байланыштуу талаш-талкуу чыккан.


XS
SM
MD
LG