Чүй жана Таласта сугат суу тартыш болууда

Жүгөрү талаасын сугарып жаткан дыйкан. Ысык-Ата району. 2023-жыл, 14-июль.

Быйыл Кыргызстанда сугат суу 2021-жылга салыштырмалуу эки эсе аз болуп жатат. Бул тууралуу Суу чарба департаментинин жетекчиси Алмазбек Сокеев 14-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"2021-жылы да ушундай сугат суу тартыш болгон. Бирок быйыл ага салыштырмалуу дагы эки эсе аз болуп жатат. Мисалы, быйыл май айында нормадан төрт эсе аз болду. Июнь айында кичине көбөйдү эле бирок талап күчөп, сугат суу тартыш болду. Учурда эки күндөн бери күн ысып кичине суу көбөйүп калды”, - деди Суу чарба департаментинин жетекчиси Алмазбек Сокеев.

Ошондой эле Сокеев суу тартыштыгы көбүнчө Чүй, Талас облустарында байкалып жатканын кошумчалады.

Буга чейин Бишкекте президенттик администрациясынын имаратынын алдына Ысык-Ата районунан келген 30дай фермер сугат суунун жетишсиздигине нааразы болуп акцияга чыгышкан.

Акыркы жылдары айыл чарба өсүмдүктөрүн аянты жылдан-жылга өсүп жаткандыктан сугат суу тартыштыгы күчөп жатат. Мындан сырткары суу келген арык, каналдар эскирип, суу ортодон коромжуга учурап жатканы айтылууда. Расмий маалымат боюнча, суу тартыштыгын жоюу үчүн кеминде дагы 34 суу сактагыч куруу керек.

Министрлер кабинети 2022-жылы өлкөдөгү ирригация тармагын жакшыртууга 1 миллиард сом бөлүп, сугат суунун маселесин чече турганын билдирген. (MKt)

Дагы караңыз

CPJ тажик бийлигин абактагы журналисттерди жана блогерлерди бошотууга чакырдыСалмак-габаритти көзөмөлдөө бекеттери текшерилип жататМамдума "жыныс алмаштырууга" тыюу салган мыйзам кабыл алды“Азаттык” радиосунун YouTube каналы хакердик чабуулга кабылдыИИМ июлда 94 тоннадан ашык кара куурай жок кылынганын билдирдиӨкмөт “чет элдик өкүл” долбоорун кайра иштеп чыгууну сунуштадыПутин "Вагнер" менчик компаниясы жок экенин билдирди