Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:02

Мамдума "жыныс алмаштырууга" тыюу салган мыйзам кабыл алды


Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарынын жыйыны. Москва. 16-май, 2023-жыл.
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарынын жыйыны. Москва. 16-май, 2023-жыл.

Орусиянын Мамдумасы үчүнчү окууда "адам жынысын алмаштырууга" багытталган хирургиялык операцияларга тыюу салган мыйзамды кабыл алды.

Бул тууралуу маалымат 13-июлда парламенттин төмөнкү палатасынын сайтына жарыяланды.

Мыйзам күчүнө киргенден баштап трансгендерлерге бала асырап алууга тыюу салынат. Түгөйлөрдүн бири жынысын алмаштырса никелери жокко чыгат.

Мыйзам кабыл алынганга чейин жынысын алмаштыргандарга бул эрежелердин тиешеси жок.

Эми бул мыйзам долбоорун Федерация Кеңеши бекитип, президент кол коюшу керек.

Адам укугун коргоочу уюмдар бул мыйзамга каршы чыгып келет. Эксперттердин эсебинде, мындай кадам өлкөдө өз жанына кол салгандардын санын көбөйтүшү мүмкүн.

Орусияда былтыр жыл соңунан бери гомосексуалдуулук, бисексуалдуулук жана трансгендерлик тууралуу позитивдүү маалыматтарды бөлүшүүгө тыюу салынат. Бул үчүн 400 миң рубль көлөмүндөгү айып пул каралган.

XS
SM
MD
LG