Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:57

Путин "Вагнер" менчик компаниясы жок экенин билдирди


Орусиянын президенти Владимир Путин журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Москва, 13-июль, 2023-жыл. Фотограф Александр Казаковдун сүрөтү Рейтер агенттигинен алынды.
Орусиянын президенти Владимир Путин журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Москва, 13-июль, 2023-жыл. Фотограф Александр Казаковдун сүрөтү Рейтер агенттигинен алынды.

Орусиянын президенти Владимир Путин "Вагнер" менчик аскердик компаниясы жок экенин билдирди. Буга чейин ал аталган компания толугу менен өкмөттөн каржыланып келгенин айткан.

Путин "Коммерсанттын" кабарчысы Андрей Колесниковго кыска маек куруп, "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин жана анын командирлери менен жолукканы тууралуу айтып берди. Орус президентинин айтымында, ал "24-июндагы окуялар маалындагы" жана согуш талаасындагы аракеттерине баа берген.

Журналисттин "Вагнердин" тагдыры тууралуу суроосуна Путин ал компания жок экенин билдирди.

"Бизде менчик аскердик уюмдар тууралуу мыйзам жок да! Жок андай компания", - деп жооп берди Путин.

Эки аптадай мурда Орусиянын президенти "Вагнер" компаниясын толугу менен өкмөт каржылап келгенин, бир жыл ичинде мамлекеттик бюжеттен 86 миллиард рубль алганын белгилеген.

Евгений Пригожин 23-24-июнь күндөрү "куралдуу козголоң" уюштуруп, Москваны көздөй жөнөгөн. Баш калаага аз калганда ал артка кайтарын жарыялаган. Ошол маалда Пригожинди "саткын" деп атаган Путин 29-июнда аны кайра Кремлде кабыл алганы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG