Жер басып алгандарга жаза катаалдады

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодесине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорго кол койду. Ага ылайык, өлкөдө жерлерди, тилкелерди басып алгандарга карата жаза катаалдашты. Бул мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш ушул жылы 25-майда кабыл алган.

"Мыйзам жерлерди мыйзамсыз басып алууга жана анда курулуш курууга жол бербөө максатында кабыл алынган. Документ менен Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине жаза пулдун өлчөмүн көбөйтүү, эркиндигинен ажыратуу жана белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндө жаза дайындоо жолу менен жер мыйзамдарын бузганы үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруунун жагдайлары каралган", - деп жазылган президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Ошондой эле, мыйзамдын алкагында өкмөткө жерлерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен ээлеп алуу, кеңейтүү фактыларынын алдын алуу, тыюу салуу, ошондой эле жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну көзөмөлдөө, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында айыл чарба багытындагы жерлерди жакшыртуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чаралар комплексин иштеп чыгууну жана көрүү тапшырылды.

Садыр Жапаров былтыр апрелде "Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

Кыргызстанда миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен иш жүзүндө там салынып, ондогон жаңы конуштар пайда болгон. Алардын көбүн жарандар 2005-2010-жылдары бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда “Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган.

Дагы караңыз

Тажикстанда камактагы адвокат Ёровго дагы он жылдык жаза берилди Мирзиёев иштен алынган акимдерди "чыккынчылыкка" айыптады "Сандалаш" коругу: 20 миңдей гектар жер өзгөчө корголуучу аймактардан чыгарылдыОрунбеков Бишкекте орган алмаштыруу операциялары жасаларын айтты Поляк дарыгерлери Саакашвилинин саламаттыгын текшере баштады